Бишкекте бильярд боюнча республикалык чемпионат башталды

18-апрелде Бишкек шаарында бильярд спорту боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды.
Турнирдин ачылышына Маданият министри Алтынбек Максутов, Бильярд спорту боюнча федерациясынын президенти Бактыбек Кудайбергенов, бильярд күйөрмандары жана башкалар катышышты.

Турнир 18-20-апрель күндөрү «Талисман» бильярд клубунда өтөт. Чемпионатка өлкөнүн аймактарынан чогулган 80 катышуучу катышат. Алардын арасында дүйнө чемпиондору, дүйнө чемпионаттарынын байге ээлери жана жаш спортчулар бар. Үч күндүн ичинде спортчулар республиканын чемпиону наамы үчүн беттешишет.