Бишкекте Садыр Жапаров баштаган футболдук турнир өтүп жатат

Бүгүн, 27-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги «Мурас» футболдук турнири өтүп жатат.

Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром — балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.

Учурда президенттин командасы менен «Алга» командасы беттешип жатат.