Боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу эмнеге Олимпиадага барган эмес? Расмий жооп

Кечээ, 3-августта боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын алкагында бокс боюнча беттешин жеңип, жарым финалга чыкты. Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда Жамал Харви аттуу америкалык мушкерге кез келип, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңүүчү аталды. Эми анын медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар. Кийинки беттеш 8-августта өтөт.

Ал жеңишинен кийин комментарий берди. «Биз абдан кубанычтабыз. Мындан ары дагы токтобоско аракет кылабыз. Мындын ары да ийгиликтерди буйруган болсун», — деди ал.

Учурда социалдык тармактарда анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин жан тартып, күйөрмандык кылып жаткан видеосу тарады. Көпчүлүк соцтармак колдонуучулары «машыктыруучусу эмнеге барган эмес?» деген суроо жаралып жатканын жазышкан.

Көпчүлүктү кызыктырган суроого Спорт департаменти жооп берди. «Соцтармактарда Мунарбектин жеке тренери Парижге барбай калганы талкуу болуп жаткан экен. Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы тренер аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок», — деп айтылат маалыматта.