«Бул ыкма менен эл аралык мелдеште медаль уткам». Айсулуу Тыныбекова шакиртин таптыбы? (видео)

Балбан Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына өспүрүм кыз менен баланын беттешке чыккандагы видеосун жарыялап, өзүнүн жаңы спортко таштаган кадамдарын эстеди. Анын айтымында, видео качан жана кайда тартылганы белгисиз. Андан кыздын спорт менен машыгып жүргөнү байкалат.

«Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм. Качан жана каерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган. Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы? Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам», — деп жазды ал.

Мындан тышкары Тыныбекова видеодогу кыз менен жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.