Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш старт алды

82kg GR - Akylbek TALANTBEKOV (KGZ) df. Dias KALEN (KAZ)

Бүгүн, 1-июнь күнү “Бишкек-Арена” муз аянтчасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеш старт алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Мелдешке жалпы 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Бүгүн грек рим күрөшү боюнча беттештер өтүп, 55, 60, 63,67, 87,97 жана 130 килограмм салмак категориясындагы балбандар күч сынашат.

Кыргызстандын атынан чыга турган балбандар:

— 55 килограмм Таалай Бейшенбек уулу;

— 60 килограмм Афтандил Таалайбек уулу, Балбай Дордоков жана Акыл Сулайманов;

— 63 килограмм Баяман Каримов, Дастан Кадыров;

— 67 килограмм Амантур Исмаилов, Тынар Шаршенбеков жана Аманат Самат уулу;

— 87 килограмм Азат Салидинов, Калидин Асыкеев жана Мелис Айтбеков;

— 97 килограмм Узүр Жузупбеков, Бексулат Махмудов, Артык Орозбеков.

Мелдеш күн сайын саат 10:30да башталат. Ал эми финалдык беттештер 18:00дө.