Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Орусиянын курамасы менен беттешет

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан менен Орусиянын улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши өтөт.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда саат 20:00дө башталат. Беттешти Данияр Сахи жетектеген Казакстандан келген калыстар тобу тейлесе, ага Евгений Бельский менен Самат Тергиусизов жардам берет.