Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 13-августтан 20-августка чейин көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Ага сегиз мамлекеттен клубдар катышып, үч форматта өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын сегиз клубу беттешет. Кыргызстандын көк бөрү боюнча Жогорку лигасында ойногон “Сары-Өзөн”, “Достук”, “Ынтымак”, “Мурас” командалары мелдешке Ысык-Көлдө даярданууда. Казакстандан кайсы командалар катышары азырынча такталууда.
Экинчи форматта cегиз мамлекеттен 12 клуб ойнойт. Учурда Орусиядан беш клуб катышууга арыз беришти. Алар: Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Алтай жана Красноярск шаарынын командалары. Ошондой эле АКШ, Түркия, Казакстан, Венгрия, Өзбекстан, Монголиядан клубдардын келиши күтүлүүдө. Андан сырткары, бул форматта Кыргызстандан бир клуб ойнойт.
Жалпысынан бул клубдар ортосундагы дүйнөлүк биринчиликте 12 клуб таймашат.
Үчүнчү форматта, Кыргызстан менен Казакстандын 45 жаштан жогорку курактагы курама командалары достук беттеш өткөрөт. Бул эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында, жылдар бою келаткан салтка айланган беттештердин уландысы деп айтса болот.










