Дагы бир алтын. Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болду

Мээрим Жуманазарова 2022-жылы жаштар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугун жеңип алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү билдирди.

68 килограммга чейинки салмак категориясында бир раундда өз ара күрөшкөн төрт спортчу аныкталды.

Кыргызстандык үч беттеште тең мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, Азия чемпиону аталды.

Буга чейин Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпиондугун жеңген.