Дагы бир балбан кыз финалда! Айпери Медет кызы алтын үчүн кармашат

Бүгүн, 21-апрелде саат 16:00дө кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын үчүн күрөшөт. Ал жарым финалда монголиялык спортчу Ариюнжаргал Ганбатты 10:0 эсебинде жеңип, финалдык беттешке чыкты.

Айпери Медет кызы 76 килограммга чейин салмактагы беттештин биринчи турунда япониялык атаандашы Юка Кагамини 7:3 эсебинде утуп алды. Экинчи турда кыргыз балбан кыз индиялык спортчу Судеш Кумарини 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.