Денис Петрашов Австралияда өтө турчу Дүйнө чемпиондугуна катышат

Денис Петрашов Австралияда өтө турчу сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат.

Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 13-18-декабрь күндөрү Мельбурн (Австралия) шаарында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат. Петрашов 50,100, 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзөт.

Спортчу башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчили астында мелдешке катышат. Белгилей кетсек, мелдешке 173 өлкөдөн 850 спортчу катышып, жалпы байге фонду 2 миллион долларды түзөт.