Дүйнө чемпиондугу. Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын жеңди

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы беттеши ийгиликтүү башталды. Ал бүгүн, 4-октябрда 1/8 финалда япониялык Нонокой Озаки менен беттешип, 6:4 эсебинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты.

Кыргызстандык балбандын кийинки атаандашы Мерве Карадениз (Түркия) — Вераника Иванова (Беларусь) жуптарынын жеңүүчүсү болмокчу.