Дүйнө чемпиондугу. Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Спортчу Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты. Турнир ушул күндөрү Ослодо өтүп жатат.

Учурдагы чемпион старттык беттеште япон спортчусу Нонока Озакини жеңип, чейрек финалда беларус спортчусунан күчтүүлүгүн көрсөттү. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Тыныбекова украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешип, 5: 2 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты.

5-октябрда алтын үчүн күрөштө Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен беттешет.