Бүгүн, 20-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун бешинчи күнүндө кийинки 4 комплект медаль ойнотулат.
19-сентябрдагы беттештердин жыйынтыгы менен Айпери Медет кызы финалга чыгып, эми алтын үчүн күрөшөт.
Ошондой эле бул күнү кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча дагы 4 салмак категориясында финалисттер аныкталат. Килемге Кыргызстандан 3 спортчу чыгат. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Нурзат Нуртаева.











