Дүйнө чемпиондугу. Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду

Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду.

Шаршенбеков беттештерин 1/8 финалдан баштады. Беларусиялык Максим Кожарскийди утуп, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвилиден күчтүүлүгүн көрсөтүп, жарым финалга чыкты. Жарым финалда азербайжандык Мурад Мамедов менен беттешип, аны 4:2 эсебинде жеңди.

Ал эми чечүүчү беттеште ал молдовалык Виктор Чобану менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.