Дүйнө чемпиондугу. Кыргызстандык 4 балбан жеңилүү ызасын тартты

Бүгүн, 7-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталды.

Анда 4 салмак категориядагы финалчылар аныкталмак жана 4 кыргызстандык балбан килем үстүнө чыкмак. Тилекке каршы Кайрат Түгөлбаев менен Калидин Асыкеев алгачкы беттештеринде утулуп калышты. Ал эми Сардарбек Конушбаев 1/4 финалда, Руслан Царев 1/8 финалда жеңилүү ызасын тартты.