Дүйнө чемпиондугу. Мээрим Жуманазарова финалда

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Эми ал алтын медаль үчүн күрөшөт.

Спортчу беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштады. Анын алгачкы атаандашы кореялык спортчу болду. Аны жеңип чейрек финалга чыкты.

Ал эми чейрек финалдык беттеште канадалык спортчу менен кез келип, аны 7:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн ал орусиялык балбан Ханум Велиева менен беттешип, аны да жеңип алды. Алтын медаль үчүн болгон беттеш эртең, 7-октябрда болот.