Дүйнө чемпиондугу. Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Мээрим Жуманазарова Ослодо өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.

Кыргызстандык спортчу беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштады. Анын алгачкы атаандашы кореялык спортчу болду. Жуманазарова аны жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалдык беттеште кыргызстандык спортчу канадалык спортчу менен жолугуп, аны 7:1 упай менен жеңип, жарым финалга жолдомону камсыздады. Жарым финал Бишкек убактысы боюнча 20:45те башталат.