Айпери Медет кызы 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо утуп алган. Ушул күндөрү Сербияда лицензия үчүн Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат.
Балбан 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 29 спортчу катышкан. 19-сентябрда кыргызстандык Румыния, Беларусь, Канада жана Колумбиянын спортчуларын 4 жолу катары менен жеңип, финалга чыккан.
Финалдык беттеш бүгүн, 20-сентябрда болот. Бул жыйынтык Айпери Медет кызына Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алууга кепилдик берет. Бул Кыргызстан үчүн биринчи лицензия.











Баракелде Айпери, биздин сыймыгыбыз, дагы алдыда чон ийгиликтер коштосун!