Дүйнө чемпиондугунда медаль алган кыргыз балбан кыздары чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялашты

Социалдык тармактарга Дүйнө чемпиондугунда медаль алган кыргыз балбан кыздарынын чогуу түшкөн сүрөтү тарады. Дүйнө чемпиондугу Норвегияда өтүп жатат жана эки күндөн кийин жыйынтыкталат.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер командасына үч спортчу кирген. Үчөө тең медаль алды.

62 килограммга чейин Айсулуу Тыныбекова;

68 килограммга чейин Мээрим Жуманазарова;

76 килограммга чейин Айпери Медет кызы.