Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол жубайы менен ажырашканы маалым болду

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол менен жубайы Екатерина Бивол эки жолго түшкөнүн анын жубайы соцтармактагы колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Дмитрий Бивол 16 жашында команда менен кезектеги машыгуу сборуна барып, болочок жубайы Екатерина менен аэропорттон таанышкан. Жубайлардын эки уулу бар — Мирон жана Никон.