Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: алыш бел боо боюнча кыргыз курамасы 10 медаль жеңди (сүрөт)

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алыш бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер өттү. Алыштын эркин түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Кыздар арасында 55 килограмм салмакта Элзада Момунжанова, 65 килограмм салмак даражада Нурзада Мыктыбек кызы, 70 килограмм салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 килограмм салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 килограмм салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту. 80 килограмм салмак даражада Азизхан Мусабек уулу, 100 килограммдан жогоркулар арасында Кадыр Келсинбеков күмүш медаль жеңди.

Ошондой эле, 70 килограмм салмакта Касымбек Анарбаев, 90 килограмм салмак даражада Нурсултан Бочонов, 100 килограмм салмакта Исламбек Алик уулу коло байге алышты. Жалпы алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы 19 медаль жеңди.