Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Кыргызстан Түркияны утту

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Түркиянын Изник ​​шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти.

Кыргызстандыктар Түркиянын командасы менен беттешип, 7:6 эсебинде жеңишке жетишти. Бул оюндарда көк бөрү жана көкпар өз-өзүнчө өткөрүлдү.