«Эгиз козулардай!». Айсулуу Тыныбекованы Казак спортчу кызы жонуна көтөрүп алган видео жылуу кабыл алынууда

Казакстандык спортчу кыз Гулмарал Еркебаева төрт жолку Азия чемпиону жана эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы мейманканадагы номерине чейин жетип алууга жардам берди. Тагыраагы ал Тыныбекованы жонуна көтөрүп алган видеосу интернетте тарады. Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында Айсулуу Тыныбекова бутунан жаракат алган болчу.

Буга байланыштуу соцтармактын колдонуучулары «эгиз козулардай», «кыргыз-казак бир тууган», «керемет көрүнүш», «спорт элди бириктирет» деген өңдүү жылуу пикирлерди калтырышууда.