Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатынан келишти

9-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти.
Спортчуларды Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Артур Геворгян, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 4 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло) жеңди. 61 килограмм салмак категориясында Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль, 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 65 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков жана 70 килограмм салмакта Орозобек Токтомамбетов коло медалга ээ болушту.
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджиновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.