Бүгүн, 23-апрелде кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Монголияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты.
Ал 70 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, 1/4 финалдан баштады. Акматалиев катары менен эки жеңишке жетип, финалга чыкты. Алтын үчүн күрөштө ага япониялык спортчу атаандаш болот.
Ал эми Алмаз Сманбеков менен Арсалан Будажапов жарым финалда утулуп, эми коло үчүн күрөшөт. Алибек Осмонов биринчи беттешинде монголиялык балбанга жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн четтеп калды. Медалдар үчүн күрөш саат 16:00дө уланат.