10-июлга караган түнү Мюнхенде футбол боюнча Европа чемпиондугунун биринчи жарым финалдык оюну Испания менен Франция курама командаларынын ортосунда өттү.
9-мүнөттө эле француздар эсепти ачты. Гол ээси Коло Муани. 21-мүнөттө испаниялык Ламин Ямал эсепти теңеди. Арадан 4 мүнөт өтүп, Дани Ольмонун дарбазага тепкен тобу Жүль Кунденин бутуна тийип, андан ары голго айланды. Бул автогол эмес, Ольмонун атына жазылды. 2:1 эсеби экинчи таймда да алмашкан жок. Испания курама командасы финалга чыкты.
16 жаштагы жарым коргоочу Ламин Ямал киргизген голу менен дароо эки рекордду жаңылады. Ал ЕВРОнун жарым финалында ойногон жана ушул баскычта голдун автору боло алган эң жаш оюнчу катары катталды. Ямалга (16 жаш 362 күн) чейин бул рекорд Пелеге (17 жаш 239) таандык болчу.
ЕВРО-2024 турниринин жарым финалдык оюндарынын дагы бир жубу бүгүн түндө (Бишкек убактысы боюнча 01:00) ойнойт. Беттеш Англия жана Нидерланддардын ортосунда өтөт. Уткан курама команда 15-июлга караган түнү Испания менен финалда жолугат.