Франция Англияны жеңип, жарым финалга чыкты

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун чейрек финалынын акыркы оюну Англия-Франция курама командаларынын ортосунда болду. Анда Англия 2018-жылдын чемпионуна 1:2 эсебинде жеңилип калды. Гол ээлери: Кэйн (Англия), Чуамени (Франция), Жиру (Франция).

Франция жарым финалда Марокко менен беттешет.
Оюн Бишкек убактысы боюнча 15-декабрь, 01:00дө башталат.