Футбол: Бишкекте Кыргыз курамасы менен кытайлык Тайбэйдин беттеши башталды

Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын улуттук курамасы менен 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раундунун алкагында кытайлык Тайбэй курамасынын беттеши өтүп жатат.

Беттеш аскердик оркестрдин коштоосу менен башталды. Андан соң, эки команда чыгып, өлкөнүн гимни менен беттешке старт берилди. Беттешке президент Садыр Жапаров да келди.

21-мартта Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда эки команда беттешип, оюн Кыргызстандын жеңиши менен аяктаган.