Футбол боюнча кыргыз улуттук курамасы Тажикстандан утулуп калды

Бүгүн, 29-март күнү «Navruz Cup 2022» эл аралык мелдешинин алкагында Кыргыз Республикасы-Тажикстан беттеши болуп өттү. Оюн 1:0 эсебинде коңшулардын жеңиши менен аяктап, муну менен Тажикстан 3-орунду алды.

«Ак шумкар» эң көп жолу беттешкен атаандаштардын бири Тажикстан курама командасы болуп эсептелинет. Командалар өз тарыхында 14 жолу беттешип, анда Кыргызстан коңшуларын үч жолу жеңсе, сегиз жолу жеңилген.

Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп жаткан турнирге төрт улуттук команда катышты. Кыргызстан буга чейин Өзбекстан менен ойноп, 3:1 эсебинде утулган. Финалдык оюн бүгүн өтөт, анда Өзбекстан менен Уганда ойнойт.