Футбол: Кыргызстан кытайлык Тайбэйди 5:1 эсебинде жеңди

Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы менен кытайлык Тайбэй курамасынын беттеши өтүп жатат.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 16-мүнөтүндө эсеп сандар ачылды. Кыргыз курамасынын оюнчусу Жоэл Кожо биринчи голду жаратты. 37-мүнөттө дагы бир гол киргизип, 2 голдун ээси болуп калды. 44-мүнөттө Кожо кайрадан 3-голду киргизди. Оюндун биринчи бөлүгү 3:0 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.

2-бөлүктүн 33-мүнөтүндө Христиан Браузман Кыргыз курамасынын пайдасына 4-голду киргизди. Ал эми 41-мүнөттө Тайбэй алгачкы голду киргизди. Негизги убакыт аяктаган соң, башкы калыс 4 мүнөт кошуп берди. Бул убакыт аралыгында Кими Мерк 1 гол киргизди. Беттеш 5:1 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.

21-мартта Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда эки команда беттешип, оюн Кыргызстандын жеңиши менен аяктаган.