Футбол: Кыргызстан менен Палестинанын беттеши башталды (сүрөт, видео)

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Үч улуттун кубогунун эл аралык турнири башталды.

Биринчи турда Палестина менен Кыргызстандын курама командалары беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да эки өлкөнүн гимни менен башталды. Оюнга Кыргызстандын оюнчулары кызыл түстөгү форма менен чыкса, Палестинанын курамы ак түстөгү форма кийишкен.