Футбол: Кыргызстан — Палестина — 1:0 (биринчи бөлүк)

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Палестинанын футболчулары беттешип жатат. Оюндун биринчи бөлүгү аягына жетип, оюнчулар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти.

Ал эми эсеп боюнча, биринчи бөлүктүн 25-мүнөтүндө Кыргызстандын оюнчусу Азим Азаров атаандашынын дарбазасына 1 гол киргизип, алдыга чыкты. Азырынча эсеп Кыргызстандын пайдасына 1:0. Оюндун экинчи бөлүгү 15 мүнөттөн кийин уланат.