Футбол: Кыргызстандын курамасы эртең кытайлык Тайбэй менен беттешет

Эртең, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт стадионунда Кыргызстандын курамасы буга чейинки беттеште жеңген кытайлык Тайбэй менен беттешет.

Бүгүн беттеш алдындагы уюштуруу жыйыны өтүп, анда оюн формаларынын түстөрү аныкталды. Кыргызстандын Улуттук курамасы эртең ак түстөгү формада оюн талаасына чыгат.