«ПСЖ» клубунун футболчусу Ашраф Хакиминин жубайы, испаниялык актриса Хиба Абук ажырашууга арыз берип, мүлктүн тең жарымын сураган. Бирок анын бүт байлыгы апасына таандык болуп чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Футболчу тапкан акча да, мүлк да бүт апасына жазылган болуп чыгып, атүгүл айлыгынын 80 пайызы футболчунун апасынын эсебине которулуп тургандыгы аныкталды. Ашраф Хакими ай сайын маяна катары миллион евро алат.