Футболчу Гүлжигит Алыкулов «Кайрат» клубунан кетти

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов «Кайраттан» кеткенин Алматынын клубу билдирди.

Алыкулов «Кайратка» 2020-жылдын башында өткөн. Алматынын курамында Казакстандын чемпиону жана өлкө кубогунун ээси болуп, УЕФАнын конференция лигасынын тайпалык баскычына чыккан.

Футболчу «Кайраттын» формасы менен 99 оюн өткөрүп, 13 гол киргизген.