Ислам шериктештиги оюндары. Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарынын жарым финалына чыкты.

Ал 11-августта турнирде 62 килограммга чейинки салмак ченинде беттешти. Тыныбекова 1/4 финалдан баштап, Казакстандын спортчусун жеңип алды.