Ислам шериктештиги оюндары. Үзүр Жусупбеков күмүш медаль жеңди

Кыргызстандык Үзүр Жусупбеков Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында күмүш медаль тагынды. Ал 12-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Жусупбеков 1/8 финалдан баштап, катары менен 3 жеңишке жетип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште кыргызстандыктын атаандашы өзбекстандык Рустам Ассакалов болду. Беттеште Өзбекстандын балбаны жеңип, жеңүүчү аталса, Жусупбеков күмүш байгеге ээ болду.