IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионаты Бишкекте: Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Сингапурду 15:0 эсеби менен утуп алды

Кечээ, 7-мартта Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Сингапурду 15:0 эсеби менен утуп алды. Бул команданын үчүнчү жеңиши болуп калды.

Ушул күндөрү Бишкекте 5 курама команданын катышуусунда IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Адегенде кыргызстандык хоккейчилер Ирандын командасын 13:1 эсебинде жеңип, кийин Кыргызстандын командасы Малайзиянын командасына каршы ойноп, аны 22:1 эсебинде утуп алган болчу.

Бүгүн, 8-мартта Кыргызстандын курама командасы Кувейт менен ойнойт.