«Июлга даяр болуп калышым керек». Хабиб Нурмагомедов октагонго кайтабы?

UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов жакында чоң спортко кайтып келерин кыйытты. Ал соцтармактагы баракчасына машыгуудан тартылган видеону жарыялап, күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан жазуу калтырды.

«Июль айына даяр болуп калышым керек. Бирок ММА эмес», — деп жазды ал. Спортчу бул маалыматтын чоо-жайын азырынча ачыктай элек.