Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдешке кайсы командалар катышып жатат? Тизме

1-май күнү Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдеш башталды. Мелдеш Жалал-Абад облусунун “Телтору” ат майданында өтүүдө. Ага жалпысынан бардык аймактардан келген 35 команда күч сынашууда.
Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада 12 команда, экинчи лигада 9 команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда бар.
Чүчү кулактын жыйынтыгы:

Жогорку лига:
А тайпасы: “Мурас” (Ысык-Көл), “Алтын-Альянс” (Талас), “Сары-Өзөн” (Чүй);
Б тайпасы: “Жаштык” (Жалала-Абад), “Достук” (Ош), “Ынтымак” (Талас).
Биринчи лига:
А тайпасы: “Улар”, “Көк-Жал”, “Ак-Шумкар”;
Б тайпасы: “Кара-Балта”, “Өзгөн”, “Намыс”;
С тайпасы: “Ысык-Ата”, “Бакай-Ата Дөөлөт” “Четинди-Бишкек”;
Д тайпасы: “Кемин”, “Жети-Аке”, “Ийгилик”.
Экинчи лига:
А тайпасы: “Талас шаары”, “Кетмен-Төбө”, “Ак-суу”;
Б тайпасы: “Ак-Илбирс”, “Биримдик”, “Аксы”;
С тайпасы: “Тянь-Шань Керамик”, “Кара-Кулжа”, “Ак-Кула”.
40 жаш:
А тайпасы: “Токтогул”, “Ысык-Көл”, “Бишкек-Сергүү”, “Сары-Өзөн Чүй”;
Б тайпасы: “Талас”, “Суусамыр”, “Жети-Дубан”, “Ош облусу”.
Мелдеш 9-майга чейин уланат. Финалдык беттештер 8-9-май күндөрү өтөт.