Белградда (Сербия) 16-сентябрда спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу башталат. Бул турнирде Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына алгачкы жолдомо ойнотулат.
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамы Дүйнө чемпиондугуна берген алдын ала тизмеси белгилүү болду.
Алар:
- 60 килограмм: Жоламан Шаршенбеков;
- 63 килограмм: Дастан Кадыров;
- 67 килограмм: Амантур Исмаилов;
- 77 килограмм: Акжол Махмудов;
- 82 килограмм: Бексултан Назарбаев;
- 87 килограмм: Азат Салидинов;
- 97 килограмм: Бексултан Махмудов.
Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!
Биздин Телеграм канал: @serepkg