Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков дүйнөнүн эң мыкты балбандарынын рейтингинде 2-орунда.
60 килограмм салмактагы спортчулардын рейтингинде кыргызстандыктар 55 миң упайга ээ. 1-орунду Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалында жеңген болгариялык Армен Назарян ээледи. Назарян Венгрияда өткөн Polyák Imre & Varga János Memorial рейтингдик турниринде 5-орунду ээлеп, кошумча упай алып, рейтингде кыргызстандыкты басып өттү.