Жөө күлүк Айнуска Калил кызы Кыргызстандын рекордун жаңылады

Кыргызстандык спортчу Айнуска Калил кызы өлкөнүн рекордун жаңылады. 

Астанада (Казакстан) өткөн жеңил атлетика боюнча жабык имараттагы Азия чемпиондугунда Айнуска Калил кызы 3000 метр аралыкка чуркоодо 5-орунду ээледи. Анын 9 мүнөт 18,41 секунд жыйынтыгы Кыргызстандын жаңы рекорду.

Буга чейин бул жетишкендик Дарья Масловага таандык болчу.