Кардын кубанычы керемет! Балбан кыздардын машыктыруучусун карга жуунткан видеосу жылмаюу жаратты

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүп жатат. 

Бүгүн, 7-февраль күнү таңкы машыгуудан кийин Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду карга жуунтууга аракет кылышты. Видеону Айпери Медет Кызы Инстаграмдагы тарыхчасына киргизди.