Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпиондуктун ачылыш аземи болуп өттү (сүрөт, видео)

Бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстандын убактысы боюнча саат 21:00дө Катарда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун ачылыш аземи болуп өттү.

Аренада улуттук ырлар ырдалып жана бийлер бийленди. Мунун баары Голливуд легендасы Морган Фримандын залга кириши менен аяктады. Ошондой эле аренада чемпиондукка катышчу өлкөлөрдүн желектери желбиреди.

Буга чейинки Дүйнөлүк чемпиондуктун гимндери жаңырып, ошол турнирлердин тумарлары да, быйылкы жылдын талисаманы да чыгарылды. Андан соң BTS тобунун ырчысы Чонгук менен бирге Катар өлкөсүнүн ырчысы Фахад Аль-Кубаиси ырдап чыкты. Ырдан кийин Катар өлкөсүнүн тарыхы көрсөтүлдү. Катардын эмири сөз сүйлөп, чемпиондукту ачык деп жарыялады. Ачылыш азем фейерверк менен жыйынтыкталды.