Кезектеги сенсация! Япониянын футбол боюнча курамасы Германияны жеңди

Германиянын футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын баштапкы оюнунда утулуп калды.

Бүгүн, 23-ноябрда өткөн Е тайпалык баскычынын 1-турунун беттешинде Германия Япония менен беттешти. 33-мүнөттө Илкай Гюгдоган пенальтини тээп, Германияны алдыга чыгарды. Экинчи таймда япондор экинчи голду киргизип, жыйынтыгында жеңүүчү аталды. Беттеш 2:1 эсебинде Япония курамасынын жеңиши менен аяктады.

Кечээ, 22-ноябрда Сауд Арабиясы Месси баштаган Аргентинанын курама командасын утуп алган.