Көчмөндөр оюндарында кыргыздын намысын коргой турган көк бөрүчүлөргө форма берилди (сүрөт)

Түркиянын Изник ​​шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын атынан “Көкпар” жана “Көк Бөрү” эки команда катышат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Көк бөрү федерациясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, учурда командалар Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында машыгууда. Кечээ, 28-августта федерация эки командага бирдиктүү машыгуу үчүн форма берген. Анда көкпарчылар көк түстө, көк бөрүчүлөр кызыл түстөгү кийимдер менен машыгып жатышат. Жакында оюнчулар үчүн экинчи форма даярдалат. Катышуучулар Түркияга оюндардын башталышына 10 күн калганда барышат.

Көк бөрү боюнча команданын курамы:

1. Марлис Койгелдиев;
2. Нооруз Раатбек улуу;
3. Нурдин Болотбеков;
4. Таши Майлыбашев;
5. Акбар Иманбеков;
6. Дастан Сагынбек уулу;
7. Рустам Тыналиев;
8. Сейитбек Анарбек уулу;
9. Аудасбек Мырзабек уулу;
10. Манас Ниязов;
11. Нуржан Мелисбек уулу;
12. Майрамбек Рыспеков.

Көкпар боюнча команданын курамы:

1. Нурбек Юсупов;
2. Эрлан Төлөбеков;
3. Улан Насакеев;
4. Элдияр Шахтарбек уулу;
5. Өмүрбек Эсен уулу;
6. Эмирлан Жеңишбеков;
7. Бекназар Аматов;
8. Эрсултан Айдаркан уулу;
9. Кубаныч Султан уулу;
10. Кыяз Ниязов;
11. Белек Мукаев;
12. Аскат Аскаров.