Көк бөрү боюнча Нооруз турниринин жеңүүчүлөрү кандай сыйланышты? Миллион сомдон башталган байгелердин тизмеси

Кечээ, 21-март күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери өттү. Жогорку лигада «Ынтымак» командасы (Талас облусу) «Сары-Өзөн» командасын (Ош облусу) 1:4 эсебинде артка калтырып, жеңүүчү аталды. Ал эми Биринчи лигада «Бакубат-Талас» (Талас облусу) командасы алдыга чыкты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмеси:
40 жаш:
1-орун – «Сары-Өзөн Чүй» – 70 000 сом;
2-орун – «Талас» – 40 000 сом;
3-орун – «Биримдик Ысык-Көл» – 25 000 сом.
Жогорку лига:
1-орун – «Ынтымак» командасы, Талас облусу, байге – 1 000 000 сом;
2-орун – «Сары-Өзөн» командасы, Чуй облусу, байге – 500 000 сом;
3-орун – «Достук» командасы, Ош облусу, байге – 250 000 сом;
4-орун – «Ала-Тоо» командасы, Ош шаары, байге – 125 000 сом.
Мыкты оюнчу – Майрамбек Рыспеков (Талас облусу).
Мыкты аргымак – «83» (Чуй облусу).
Биринчи лига:
1-орун – «Бакубат-Талас» командасы, Талас облусу, байге – 200 000 сом;
2-орун – «Ийгилик» командасы, Талас облусу, байге – 100 000 сом;
3-орун – «Жаштык» командасы, Жала-Абад облусу, байге – 50 000 сом;
4-орун – «Бакай-Ата Дөөлөт» командасы, Талас облусу, байге – 25 000 сом.
Мыкты оюнчу – Алтынбек уулу Маданбек (Талас облусу);
Мыкты аргымак – Таяныч.