Көк бөрү: «Ынтымак» командасынын оюнчусу жаракат алып, Тез жардам алып кетти (видео)

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку Лиганын финалы өтүп жатат. Беттеш «Ынтымак» жана «Сары Өзөн» командаларынын ортосунда өтүүдө.

«Ынтымак» командасынын мүчөсү Өмүрбек Эсен уулу аттан жерге кулап түштү. Аны Тез жардам кызматы биринчи жардам көрсөтүү үчүн алып кетти. Оюндун жүрүшүндө улакчы оюнга кайтып келди.