Кристина Болдырева Дүйнө чемпиону болду, бирок Кыргызстандын желегин желбирете алган жок

Бухарестте (Румыния) өткөн армрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кристина Болдырева алтын жеңип алды.

Спортчунун айтымында, ал сыйлык тапшыруу аземинде желек желбирете албай калган, анткени өлкөнүн желегин берчү өкүлдү таппай калган. «Сүрөттөн дагы экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген атаандаштарым өз өлкөсүнүн желектери менен турганын көрүүгө болот, бирок мага желек бербей коюшту», — деди ал. Болдырева белгилегендей, Кыргызстандан барган делегацияны Азия федерациясынын президенти жана Кыргызстандын Армрестлинг федерациясынын экс-президенти Жээнбек Мукамбетов жетектеп барган, өлкөнүн желеги да дал ошол кишиде болгон.

Кийинки күнү спортчу жаңы көйгөйлөргө туш болгон — анын оң колу менен медалдар үчүн күрөшкө уруксат берилген эмес. Армрестлингде спортчулар эки медалга ээ боло алышат — мелдештер оң жана сол кол менен өткөрүлөт. Болдыреванын Орусиянын жарандыгы бар экени, ушундан улам ага Кыргызстандын курамасында ойноого тыюу салынганы белгилүү болгон. 

Спортчунун билдирүүсүнө Кыргызстандын Армрестлинг федерациясы Instagram баракчасында жооп кайтарды. Федерация эмоция спортчуларга кырдаалга сергек баа берүүгө тоскоол экенин белгилейт. «Анын күчүн жана бул мелдештерге даярдыгын билип, Жээнбек Мукамбетовдун аркасы менен аны дүйнөлүк чемпионатка каттатып, жеңип алган медалын калтырууга үлгүрдү. Ал орусиялык команданын нааразычылыгынан улам четтетилип калган. Далилдер тиркелип, күбөлөр бар», — дешти алар.